Марал Радиосу

Илим, медицина, жасалма интеллект. АКШда иштеген кыргызстандык илимпоз менен маек

«Марал» радиосуна АКШнын саламаттыкты сактоо боюнча илим изилдөө Улуттук институтунун илимий кызматкери Санжарбек Худайбердиев жасалма интеллекти боюнча маек курду. Ал медицинада жасалма интеллектини колдонуу, бул тармактагы изилдөөлөрү жана келечекте жасалма интеллекттин буга таасири тууралуу айтты.

-Кайсы жакта билим алгансыз? Кантип чет өлкөдө окуп калдыңыз? 

-Бакалавр боюнча билимимди Түркиянын Кайсери шаарында окудум, андан соң Стамбул техникалык университетинде магистратураны улантып, андан соң Италияда биология боюнча аспирантураны аяктадым. Бүгүнкү күндө АКШнын Вашингтон шаарында жайгашкан саламаттыкты сактоо боюнча илим изилдөө Улуттук институтунун илимий кызматкери болуп иштейм.

Биз окууга тапшырып жатканда Орусия же Түркия деген эки эле вариант бар болчу. Экөөсүнө тең окууга өткөм, бирок Түркияны тандап алдым. Бүгүнкү күндө окууга тапшырганга мүмкүнчүлүктөр мурдагыга салыштырмалуу көп деп ойлойм. Каалаган жагына тапшырса болот жана тапшыргандарды да көрүп жатабыз. Албетте барып окугандын да түйшүгү бар. Бирок натыйжасы да ошого жараша болот.

-Илим тармагына кантип кызыгып калгансыз?

-Мектепте окуп жүргөндө эле математика жана физика сабактарына аябай кызыкчумун. Өзгөчө математика физиканын тили экенин түшүнгөн соң, физика сабагы жагып калган. Кийинчерээк компьютердик инженер болом деп окуп, арада программист болуп иштеп жүрдүм. Бир канча убакыт өткөн соң, биологиялык даталарды, сандарды колдонуп, “биологияны түшүнүү” боюнча долбоор жасоо сунушу менен аспирантурага тапшырып калдым. Илим изилдөө чөйрөсүнө киргенде ал чөйрө меники экенин түшүндүм.

-Генетика боюнча алгоритм тууралуу изилдеген экенсиз. Жалпак тил менен түшүндүрүп кетсеңиз, бул илимий изилдөө бизге эмне берет, пайдасы кандай?

— Ген деген клетканын ичинде кичинекей сегменттер бар. Аны өзүнүн кичинекей роботтору бар деп койсо да болот. Клетканын ичинде монепулярдык аппараттар — рибосома бар. 3Д принтер сыяктуу деп элестетип алсак, ал генге барат да, үстүнө отуруп, гендин үстүнө жазылган инструкция менен, ошонун продуктасын чыгарат. Алар – протеиндер. Протеиндер өз кезегинде клетканын ичинде баарын жасаган роботтор.

2000-жылдардын башында, АКШ, Улуу Британия жана Япония биригип, 10 миллиард долларга, “Адам геном проекти” деген темада изилдеп, окуп чыгып карашса, ген адам геномунун 3,5-4% түзөт экен. Калганы бош. Бул албетте, таң калычтуу болгон.

Бул жараксыз деген гипотезалар чыгып баштаган. Көрсө, жараксыз эмес, гендердин өзүндөй эле маанилүү болуп саналат экен. Бул илимде — эпигенетика деп аталат. Кайра 3Д принтер деген аналогияда карай турган болсок, кайсы клеткада, кайсы убакытта, канча көлөмдө продукт чыгарышын, код түрүндө алып жүрүшөт экен.

Мисалы, сиздин организмдеги клеткалардын баарында бир эле геном, бир эле ДНК бар.  Бирок кантип бир эле ДНКдан, бир эле ткандан башка-башка клеткалар чыгат? Сөөктүн, жүрөктүн, көздүн, тырмактын ткандары ар башка. Ошонун баарын геномдор код түрүндө алып жүрөт.

Мындай аналогияда салыштырсак болот:  10 томдук китеп бар деп коелу. Бирок бир кишиге берип жатканда 1 томун берип, сага ошол эле ачык, ушуну гана окуганга болот сага, башкасы болбойт. Башкасына дагы сага мына ушул эле ачык, ушуну гана окуй аласың, деген сыяктуу болуп калат. Ар бир клетка – бир функцияны аткарат. Ошонун баары татаал болгондуктан, бир клетканын ичинде кичинекей  ката болсо, аны түзөтүүгө кошумча фактор керектелет. Ага баары топтолуп жатып, бир оору келип чыгат.

Бул изилдөөлөрдүн натыйжасында оорунун алдын ала билип, бар болгон ооруну профилактика кылсак болот. Негизи эле бул илим менен биологияны жакшы түшүнүп баштайбыз. Азыр биз биологияны канча пайыз түшүнөрүбүздү да билбейбиз. Биз түшүнгөн биология 5% же 10% болушу мүмкүн. Бирок ал да белгисиз. Жалпы масштабын билбигендиктен пайызын да айта албайбыз. Азыр бир чекесин гана билип баштадык. Маалымат мегатонна көп болгондуктан анын баарын мурункудай лаборторияда олтуруп, кагазга түшүргөнгө мүмкүн болой калды. Ал үчүн татаал алгоритмдер керектелет. Аларды түшүнүү, жакшыртуу үчүн жасалма интеллектини колдонуп жатабыз.

-Сиздер изилдеп жаткан илимге ылайык кайсы ооруларды аныктаса болот?

Менин жетекчилигимде, илимпоздор менен бүтүргөн долбоорубуз “Диабеттин экинчи түрү” деп аталат. Бул негизи чоң долбоор. Биринчи типтеги диабет жөнөкөй оорулардын категориясына кирет. Пайда болуп, жок болуп кетиши да мүмкүн. Кант диабети менен тубаса ооругандар да бар.

Ал эми экинчи типтеги диабет убакыт өтүшү менен пайда болот. 50 жаштан соң диабет менен ооруп калган сыяктуу. Муну эпигенетикада колдонуп 127ге жакын клетканы алып, жасалма интеллектин жардамы менен моделин курдук. Аны менен эми экинчи типтеги диабеттин пайда болуусуна басымдуулук кайсы бөлүктө экенин изилдедик. Аны менен гана чектелбей, фокусту ошол бөлүккө буруп, жыйынтыгында дарылап, кайдан бул оору чыгышын да аныктадык.

Мисалы, диабет менен ооруган адамдардын геномун байкасак 97 мутация табылган. Анын үч-төртөө гана изилденген. Биз азыр ага бирди гана коштук. Бул дегени дагы көп кадамдар бар. Келечекте биз тапкан жердеги мутацуяга туура келген диабет менен ооруган адамдарды дарыласа болот. Алдын ала да билсе болот. Эгер ооруп калса дарыларды ичкенде, бир жерине пайда болсо, экинчи органына зыян келтирет. А биздин изилдөөнү так ошол оооруган жерди гана дарылоо үчүн колдонсо болот. Бул бир кичинкей ачылыш.

-Бул ачылыштар медицина да колдонулабы?

-Негизи ар бир ачылыш ошол максатта жасалат. Бирок медицинада колдонулабы же жокпу азырынча белгисиз. Казанга толуп ашып кеткенде көзгө көрүнөт эмеспи. Ошол сыяктуу азырынча бир нерсе деп айтуу кыйын.

-Илимий изилдөрлөрдө жасалма интеллектинин орду кандай?

-«Жасалма интеллект» деп жакында ChatGPT чыккандан кийин гана кеңири колдонулуп баштады. Анын орду чоң. Ага чейин абстрактуу концепция катары карашчу. Анын интеллект моделдерин жасоону “жасалма үйрөнүү” деп коет. Ал 1960-жылдардан бери бар. Биологияда ошол учурдан бери колдонулуп келет. Жасалма интеллект революциядан кийин өтө тездик менен өсүп, жакшырып жатат. Биз азыр анын алдын алууга аракет кылып жатабыз. Бирок анын өсүүсү да, таасири да күчтүү.

-Жасалма интеллектини медицинада кандай колдонуп жатышат?

— Эң биринчи өзүн-өзү айдаган машиналар чыгып баштаганда, аларды көрүп ошолорго окшош жактарын алып башташкан. Мисалга диагнозду айтсак, аялдардагы эмчек рагын кишиге салыштырмалуу жасалма интеллект жакшыраак аныктап берген. Рак боюнча диагноздо канды текшерип, кайсы түрдөгү рак экенин тез көрсөтүп бере алган. Акыркы учурда эң чоң ачылыш катары табиятта болбогон молекулаларды жасалма интеллекттин жардамында чыгарып жатышат.

Мисалы, “Хеллсинг” сыяктуу жаңы антибиотиктер чыгарылды. Теориялык эсептөөлөр менен гана чектелбестен, эсептөөлөр аркылуу табиятта болбогон молекулаларды чыгарып жатышат. Бул чоң үмүт берет.

-Сиздин оюңузча Кыргызстан жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүн канчалык колдонуп жатат?

-Кыргызча жасалма интеллектини чыкты деп кабардан окуп, бирок аны колдонгонго мүмкүнчүлүк болгон жок. Анын аркасында иштегенге аябай көп ресурстар керектелет. Мурунку процессордун күчү жетпей калгандыктан, графикалык карталарды колдонуп калышкан. Кыргызстанда көп мүмкүнчүлүктөр жок болуп жатат демекмин. Бирок ошол эле учурда бул кубанаарлык көрүнүш. Анткени графикалык карталар үчүн согуш чоң өлкөлөр арасында дагы бар болгондуктан кадыресе көрүнүш десек болот.

-АКШ нын илим изилдөө институту сизге кандай мүмкүнчүлүктөрдү берди?

— Эң өзгөчөлүгү дүйнөлүк масштабдагы ачылыштарды ачкан, чоң илимпоздор менен иштешүүгө мүмкүнчүлүк бергени болду. Экинчиден, ресурстар өтө көп. Алсак, негизги ресурс илимий изилдөөчүлөр чөйрөсүнө кошкону болду. Алар сага ишеним берет жана сен да аларга ишеним көрсөтүп, аракет кыласың. Бул өтө маанилүү ресурс.

-Кыргызстанда биоинформатика жана жасалма интеллектинин өнүгүшүнө кантип салым кошо алат?

-Биоинформатикадан мурун жасалма интеллектиге салым кошуу керек деп ойлойм. Окуучуларды же студенттерди, айтор жаштарды математикага кызыктыруу керек. Калган илимдер математиканын туундусу деп айтмакмын. Математикада формуланы кайсы учурда, турмуштун кайсы мезгилинде колдонууну туура түшүндүрүп жеткиргенде ийгилик жаралат. Математика жана жасалма интеллектке кызыккандарга мүмкүнчүлүк түзүп берүү кажет.

Таланттардын көпчүлүгү биз көңүл бурбаган жерден, башкача айтканда, айылдан чыгаары талашсыз. Калктын ичинен 3% талантуу бала чыгат десек, 70% айылдан чыгаары маалым. Эгерде айылдарга ресурс бербесек, ошол 70% талантты жоготуп алганга барабар болуп жатпайбы. Андыктан адамдык капиталга маани берүү зарыл. Ал эми калганын тапса болот. Мисалы, грант, финансы маселеси болсун, азыркы абалыбыз мурункуга салыштырмалуу жакшы, андыктан бул маселе эмес. Ошондой эле биз сыяктуу, бирок, бизден өнүккөн өлкөлөрдөн, адамдык капиталды издеп табуунун ыкмасын өздөштүрүүбүз кажет.

Менин айланамдагы адамдар да дүйнөнүн ар кайсы бурчунан суурулуп келишкен. Албетте алар деле биздей эле жай турмуштан келген. Биздей эле кетмен чаап чоңойгон (күлүп). Алар дагы “эгер мүмкүнчүлүк болгондо бизден дагы көп илимпоздор чыкмак”- деп айтып жүрүшөт. Андыктан бул бардык өлкөдө бирдей эле көрсөткүчтө деп ойлойм. Ошондой эле менин досторумдун арасындагы максаттары өзгөрүп, башка жолго түшүп (жаман жолго түшүп кетти деген мааниде эмес албетте), бирок кээ бир шарттардан улам максаттарын өзгөрткөнгө туура келгендери болду. Ошол эле учурда, Япония дебейин бирок, Франциядагы, Германиядагы ресурстарды бизге берсе, биздин ийгиликтүү инсандар менен салыштырсак бирдей эле көрсөткүчтө демекмин.

-Сиз иштеген жерде Кыргызстандыктар барбы?

-Азырынча жок, Кыргызстандан мен жалгызмын. Бирок мурун Кыргызстанда жашап, Советтер Союзу тараганда көчүп кеткен, башка улуттагылар бар. Алар менен таанышып мамиле кылып турабыз. Жыл сайын Кыргызстандан бирөө барбы деп сурап турамын, азырыча жок. Күтүп жатабыз (күлүп).

-Кыргызстандагы илимдин абалына токтолсок, мисалы, Улуттук илимдер академиясы сиз тууралуу билеби, кызматташуу барбы? 

— Улуттук илимдер академиясы менен расмий кызматташтык жок. Италияда жүргөндө байланышканга аракет кылып, Илимдер Академиясына кат жазып көргөнмүн. Бирок жооп ала албадым. Андан кийин мүмкүнчүлүк  болбоду. Кыргызстанга келгенде, кээ бир мекемелер  семинар өтүп берсеңиз деп, жолугушууларга чакырып калышат. Бирок тилекке каршы билим берүү мекемелеринен расмий чакыруулар болгон жок.

Учурда Кыргызстанга аз убакытка келип кеткендиктен, илимдин азыркы абалы тууралуу эч нерсе айта албайм. Бирок мурун техникалык прогресстен өтө артта калганыбыздын баасын кийин катуу төлөп калабыз деп айтчумун. Ошол коркунуч дагы да күчөп баратат. Мисалы, жасалма интеллектиге азыр секирик жасабасак, кийин дагы да жетишүү кыйын болот. Андыктан ресурстардын баарын топтоп, көп болбосо да кичинекей демилгелерден баштоо зарыл.

— Чакан ачылыштарды кылган жаштар да чыгып келе жатат, сиз байкап жүрөсүзбү? 

-Мага эң жаккан демилге кыздардан түзүлгөн топтун спутник жасаганы болду. Ошол сыяктуу демилгелер көп болсо дейм. Жасалма интеллекти боюнча да ошол сыңары долбоорлорду жасоо керек. Бул да бизге сабак болуп жатпайбы. Негизи мамлекет бул нерсени кубатташы керек, бирок жеке адамдар өздөрү жасап жатат.  Мүмкүн мамлекеттен ресурстар бөлүнүп жаткан чыгар. Анысы мага караңгы. Бирок жок болсо көзөмөлдөө керек. Технологиянын жетишкендиктерин көрүп жатабыз, айыл-чарбада болсун, билим берүү тармагында болсун. Биз ал технологияны чыгара албасак да, эч болбосо НОУ-ХАУну алып келүү керек.

-Эмнеден баштоо керек?

НОУ-ХАУ- бул эң алгач элдин деңгээлине түшүп, аларга эмне керек экенин сурап, андан соң, “өзүңөр жасай аласыңарбы?”- деген суроо менен кайрылып, “жасаш үчүн эмнелер керек?” – деп баштоо. А биздеги системада жогорудан ылдыйга карап көп акча сарпталат. Эгер ылдыйдан өйдө карай иш алып барса көп көйгөйлөр аз акча менен чечилип калмак.

Калың калкка ноу-хау алып келүү үчүн,  ресурсту калың калкка, жаштарга жайылтуу керек. Алсак, Европа биримдигинде калкы бизден аз, жери да биздикинен кичине болгон, бирок технолгиялык жактан бизден өнүккөн Словакия сыяктуу өлкөлөр бар.  Бирок алар илимий техникалык процесстин авангарддарын өздөрүнө алып барышууда. Алар интеграциялык проекттер аркылуу иштеп жатат. Ушул сыяктуу жолдорду үлгү алып баштасак болот. Бирок башка өлкөдө иштеген метод бизде иштебей калышы мүмкүн. Анткени биздин өзүбүздүн баалуулуктар бар. Алар менен айымаланып турабыз. Ал үчүн бизге эмне туура келээрин өзүбүз ойлонуубуз кажет.

Эгемен Кыргызстандын тарыхында бир эле иштеген институт бул — жеке сектор деп ойлойм. Бул оюма көпчүлүк кошулат болушу керек. Андыктан демилгени жеке секторго берүү зарыл деп билем. Азыркы учурда сүйлөшүүлөр болуп жатат. Кээ бир өтө мыкты адистер бар. Аларды башка өлкөгө барып иштейм десе өтө баалап кызматташат. Бирок алар деле өз өлкөсү үчүн аракет кылууда. Мен саясатчы эмесмин бирок жеке көз карашымда, мына ошол сыяктуу адистерди эң азынан салыктан бошотуп, жол ачып, ишин оңойлотуп, мүмкүнчүлүк берип, шарт түзүп берсе деп ойлойм. Мен тааныгандар медиага чыгып жүргөн гана инсандар, жаштарга жол көрсөтөлүү деген демилге менен жүрүшөт. Ал эми дагы канча мыктылар арабызда билинбей жүрөт. Аларга жана айткандай чөйрө жана ишеним берилсе ийгиликтер жаралат. Илимпоз — деген чоңойгон бирок жаш балалыгын жоготпогон киши. Ага өзүнүн аянтчасын куруп берсе, бул эмне экен деп изилденип олтура берген сыяктуу салыштырса болот.

-Жаштарды кантип бул тармакка тартууга болот?

— Мен да азыркы учурда ушул нерсени ойлонуп келем. Эки көз караштагы ой мектеби бар. Биринчиси: Болор бала кичинесинен эле билинет. Эгер кызыктар болсо мүмкүнчүлүк берүү керек. Жада калса чындап кызыкса, мүмкүнчүлүк жок жерден да чыгып, жетишип алып кетет деген ойду кармангандар. Мен да учурунда ушул ойдо болчумун. Ошол эле учурда дагы экинчи ойду айткан ой мектептери бар. Алардын оюнча, жаш балдарды карасак, алар табиятынан баары илимпоз. Чыныгы илимий суроолорду сурашат, анткени билбейт, билгиси келет.

Мисалы, эмнеге Ай ак, Күн сары? Жооп берүү албетте кыйын. Ал үчүн техникалык билим талап кылынат. Эмнеге атамдан апам кичинекей? Эмнеге, эмнеге? — деген толтура суроолору бар эмеспи. Чоң илимпоздордун айтуусу боюнча, алар балалык кезиндеги айлана-чөйрөгө болгон кызыгуусун, турмуштун түйшүгүнө сүңгүп кетпей сактап калганда гана илимпоз боло алат дейт. Бул сөзгө мен да кошулам. Андыктан экөөнү тең салмакта сактап калууга аракет кылуу керек.

Биринчиден илимий чөйрөдө иштөө кызыктуу экенин көрсөтүү кажет. “Бизде илимпоз болсоң бутка туруп кетүүгө шарт жок, бирок башка өлкөлөргө чыксаң болот деген мүмкүнчүлүктөр бар” — деп тең салмактап, жакшы жактарын көргөзсө болот. Экинчиден Советтер Союзнан калган билим берүү системасынын методдорун өзгөртүү зарыл. Теория менен чектелбей, турмуш менен айкалыштырып, ошол эле формуланы жаттоодон мурун, ал кайсы учурда керектелет, качан пайда болуп, бизге кандайча жетип келип, кандай таасир бергенин, ошол сыңары Жер тоголок деп изилденгенде адамдардын аң-сезими канчалык өзгөргөнүн сурап, бул суроолорду балдарга жеткире билгенде, балдарга өтө кызыктуу болот.

Биздин үйдө атамдын чоң китепкансы бар болчу, мен ошол нерселерден таасирленип бул нерселерди билдим. Бирок мындай мүмкүнчүлүк баарында жок. Андыктан бир эле метод менен баары чечилип кетпейт. Коом менен биригип, системалаштырып иш алып баруу кажет. Мисалга, тарых барактарын карай турган болсок, өнүккөн ар бир өлкөдө өтө катаал бир мезгил болгон. Ал учурда жалпы коом, кийинки муунга, жаштарга бардык ресурстарды сарптайлы деп, ал учурдан өнүгүүнү көздөй чыгып, өнүгүп кетишкен. Биз да ошол кырдаалды түзүшүбүз керек.

Бардык адам бала кезинде илимпоз болот» деп жакшы аныктама бердиңиз. Демек ошол учурда турмуштук нерселерге аралаштырбай, балага эркиндик берип, илимдин артынан кетүүгө шарт түзүп берүү керекпи?

Бул нерсени балага мындайча түшүндүрүүгө болот. “Турмуштун көйгөйү эч качан бүтпөйт. Ага баш-отуң менен кирип кетпесең да ал уланат. Аны бат эле жасап коюуга болот. Сенин колуңдан келет. Аны менен катар кызыккан жумушуң менен да алектенсең болот. Андыктан аны да таштабай кылсаң жетишесиң.” – деп тушүндүрүү кажет. Ошол эле учурда жалаң “5” деген баага эмес, спорт болсун, же кызыккан ар кандай тармагы болсун, кошо алып кеткенге мүмкүнчүлүк, эркиндик берүү зарыл.

-Өзүңүз мектеп ачып окутуу жөнүндө ойлондуңуз беле?

-Ал деңгээлге жете элекмин. Бирок албетте ошондой долбоорлор болсо, чоң кубаныч менен кошулуп, тажрыйба бөлүшмөкмүн. Албетте ал үчүн ар дайым даярмын.

-Чет өлкөдө билим алып, айрыкча илим тармагында изилдөөлөрдү жасап иштешүү негизи оңой эмес. Ушундай ийгиликтерди жаратуу үчүн жаштарга кандай кеп-кеңештериңизди айтасыз? 

-Мен өзүмдү ийгиликтүүмүн деп эсептегенден алысмын. Ошондуктан ийгиликке эмнелер жеткирээрин айтуу кыйын. Бирок ар бир адамдын ийгилик жөнүндөгү өзүнүн түшүнүгү бар. Анын сыңары менимче ийгиликке жетүү үчүн адам, кээ бир нерселерден баш тартканга даяр болушу керек.

Мисалы, ар дайым ойноп-күлүп жүрүп, бир ийгиликке жетүү мүмкүн эмес. Бир колу менен 3 топту ойноткондор айтат экен: “Ар дайым бир принцип бар. Кыска убакытта чечим чыгарып, кайсы топ эң маанилүү экенин чечип, аны кармап калуу” – деп. Албетте түшүп бараткан топ маанилүү болот. Андыктан ар бир учурда адам өзү үчүн эмне маанилүү экенин өзү чече билүүсү зарыл. Ошол эле учурда өзгөлөрдөн бул катачылык деген сыяктуу ойлор айтылышы мүмкүн. Башканын ою менен сиздин ой такыр туура келбеши толук ыктымал. Ал сиз боло албайт. Андыктан кээде жай турмуштун агымынан чыгып, “өзүм каалаган жолдо баратамбы?”- деген суроолорду өзүбүзгө берип көрүү керек.

Эгерде “жок” деген жооп болсо, анда мүмкүнчүлүгүм жок дегенден алыстап, бүгүнкү күндө, күнүнө эң аз 15-20 мүнөт өзүңүз каалаган тармакка убакыт бөлүп туруу, ийгиликке дагы бир кадам болуп саналат. Ошол эле жасалма интеллекти да ал багытта пайдаланганга болот. Мага күнүнө 1 саат убакыт жаңылыктарды окуганга эле кетет. Анткени бул тармакта өнүгүү прогресс ушундай бат кетип жатат.

Сиз да каалаган тармак үчүн ушундайча принцип колдонсоңуз ийгилик жаралат. Албетте бул менин колдонгон принциптерим. Ошол эле учурда ар бир адамдын өзүнүн мүмкүнчүлүктөрү, артыкчылыктары өзүнө маалым. Ошого жараша өзүнүн принциптери бар. Казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса деген сөз бар эмеспи. Ар бир адам өз жашоосунун казанчысы…