Испаниянын түштүк жана чыгыш аймагында 60тан ашуун адамдын өмүрүн алган мөндүр менен нөшөрлөп жааган жамгырдан улам суу ташкыны болгон. Анын кесепетинен каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок.
Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Кыргызстандын Франциядагы элчилиги Испанияда жүргөн кыргызстандык жарандар менен байланышта.
Элчиликтин ыкчам байланыш телефону иштейт, ал аркылуу Испанияда жүргөн кыргыз жарандары зарыл болгон учурларда жардам же консультация алуу үчүн кайрыла алышат: +33 6 15 11 76 99, +33 1 71 60 37 04.