Марал Радиосу

Улуттук банк валюта базарына 54,5 миллион доллар сатты

Улуттук банк валюта базарына 54 миллион 500 миң доллар сатты. Бул тууралуу банктын маалыматтарында айтылат.

Улуттук банк сентябрь айынын башында валюта базарынан 22,5 миллион доллар сатып алган.

Жалпысынан жыл башынан бери банк 19 валюталык интервенция жүргүздү, анын ичинен 369,35 миллион доллар сатылып алынды, 204,45 миллион доллар сатылган.

Бүгүн, 9-октябрга карата доллар менен евронун курсу жогорулаганы байкалды. Расмий курс боюнча бир доллар 85 сомдон сатылууда.