Марал Радиосу

Психоневрологиялык ооруканада адам укуктары одоно бузулганы кабарланды

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор Чүй облусунун Жайыл районундагы психоневрологиялык ооруканада бейтаптарга адамгерчиликсиз мамиле жасалган фактылар аныкталганын кабарлады.

25-октябрда борбордун кызматкерлери аялдар турган психоневрологиялык социалдык стационарда болуп, бейтаптарга карата одоно мыйзам бузууларды аныкташкан.

Маалыматка караганда, №1 корпуста 72 адам көзөмөлдө болсо, аларга 64 керебет даярдалган. Эки аял жерде жатууга аргасыз, дагы алтоо шарты жок, бир чака гана коюлган бош бөлмөгө камалып, антисанитардык шартта жашаганы аныкталды.

Мекеменин кызматкерлери бул бөлмө психикалык жактан артта калгандарды убактылуу жайгаштыруу үчүн “изоляциялык бөлүм” катары колдонуларын билдирген.

Бул боюнча аталган борбордун кызматкерлери оорукананын кызматкерлерине карата адамга ылайык келбеген мамиле жасоо боюнча акт түзүп, документтер тиешелүү чара көрүү үчүн прокуратурага жөнөтүлдү.

Exit mobile version