Марал Радиосу

Бишкек мэриясы накталай жол кирени көтөрүүнү сунуштады

Бишкек мэриясы калкты электрондук жол кире төлөм системасын колдонууга кызыктыруу максатында жол кире акысын накталай түрдө көбөйтүүнү сунуштады. Ошол эле учурда бир билет менен белгилүү бир убакыттын ичинде которууларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берген тарифти киргизүү да пландалууда.

Мэрия ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жана кызыкдар тараптардын сунуштарын чогултуу боюнча билдирүү жарыялады.

Коомдук транспортко накталай жол кире канчага көтөрүлүшү мүмкүн экенин мэриядан такташты. Учурда накталай төлөмдөр үчүн жол кирени 40 сомго чейин көтөрүү мүмкүнчүлүгү каралып жатат. Ал эми накталай эмес төлөм 17 сом бойдон калтырылат.

Мэрия бул чара калкты электрондук жол кире төлөм системасын колдонууга кызыктыруу максатында экенин билдирүүдө.

Бүгүнкү күндө автобустарда жана троллейбустарда жол кире баасы накталай эмес түрдө 17 сом, накталай 20 сом.

Азыркы учурда Бишкекте жүргүнчүлөрдү ташууну мэриянын «Бишкек шаардык транспорт», «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» жана «Бишкек троллейбус башкармалыгы» ишканалары аткарат.

Накталай төлөмдү жогорулатуу боюнча сунуштар 19-октябрга чейин кабыл алынат.