Марал Радиосу

«Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ишканасынын жетекчисинин орун басары кармалды

«Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ишканасынын жетекчисинин орун басары кармалганын Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, калкка электр энергиясын керектөө системалары үчүн тетиктерди сатып алууда «Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ААК жетекчилигинин коррупциялык схемаларга аралашканы аныкталган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси менен кылмыш иши козголду.

«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзам одно бузулуп, сатып алуучу товардын баасына алдын ала мониторинг жүргүзбөстөн тендер өткөрүлгөн. Бир тендер боюнча 25 млн сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталды.

Иш боюнча табылган далилдердин негизинде кылмышка шектүү катары «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКнын башкы директорунун орун басары, 1992-жылы туулган А.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Соттун чечими менен эки айга камакка алынды, тергөө иштери уланууда.