Марал Радиосу

Баңгизат кылмышына шек саналып коомдук фонддун өкүлү кармалды

Бишкекте баңгизат кылмышына шектүү жаран кармалганын 8-октябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлерине Токтогул районунан Чүй облусуна баңгизатын ташып келүүнү уюштурган жаран тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатын көздөбөстөн мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголду.

Кылмышка шектүү 1990-жылы туулган А.Д. кармалып, ал коомдук фонддордун биринин Бишкектин Биринчи Май району боюнча кураторунун орун басары экени белгилүү болду. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө иштеринин алкагында кылмышка тиешеси бар башка адамдар такталууда.

Кармалган адамдын жанынан гашиш салынган 2 ширеңке кутучасы табылган. Жалпы салмагы 23,81 граммды түзгөн.