Марал Радиосу

«Социалдык тармакты колдонбойт». Футболчу Родри тууралуу кызыктуу маалыматтар

Быйыл «Алтын топту» Испания курама командасынын оюнчусу жана англиялык «Манчестер Ситинин» жарым коргоочусу Родри алды.

28 жаштагы Родри (Родриго Эрнандес) 2024-жылы Европанын футбол чемпионатынын эң мыкты оюнчусу деп табылып, Испания курамасы аталган чемпионатты жеңип алган, ошондой эле «Манчестер Сити» менен Англия чемпиондугун жеңип алган. Өткөн жылы анын клубу Чемпиондор Лигасын да уткан.

Сентябрь айында алган жараатынан улам балдак менен сахнага чыккан Родри: «Мен  жана үй-бүлөм, өлкөм үчүн өзгөчө күн» деди.

«Бүгүнкү жеңиш бир гана мен үчүн эмес, испан футболу үчүн, бул сыйлыкка татыктуу болуп, бирок албай калган Андрес Иньеста, Хави Эрнандес, Икер Касильяс, Серхио Бускетс жана башка көптөгөн оюнчулар үчүн«, — деди футболчу.

Алтын топ сыйлыгын алган футболчу Родри жөнүндө кызыктуу малыматтар:

Толук аты-жөнү Родриго Эрнандес Касканте,1996-жылы 22 июня Испаниянын борбору Мадридде туулган.

Родри бала чагынан футболду сыналгыдан көп көрүп, оюндарга анализ жасаган.

2013-жылы «Атлетико Мадрид» футбол клубу Родринин бою кыска болгондуктан, командадан четтетип, келишимди бузган.

Родри «Манчестер Ситиде» жылына 8 миллион 580 миң фунт стерлинг (10 млн евро) табат. Анын жумалык маянасы 165 миң фунт стерлингди же 209 миң еврону түзөт.

Родриго бир нече жылдан бери Лаура аттуу кыз менен сүйлөшүп жүрөт. Алар университетте таанышкан.

Ал жөнөкөй жашоо образын карманат жана социалдык тармактарды колдонбойт, кымбат баалуу унааларды сатып алууну каалабайт.

Тапкан кирешесинин төрттөн бир бөлүгүн кайрымдуулукка жумшай турганы айтылып келет.

Родри көп убакытка чейин жөнөкөй баскычтуу уюлдук телефон көтөргөн. Денесине татиуровка тарттырган эмес, себеби донор катары дайыма кан тапшырып турат.

Родри көп футболчулардан айырмаланып, илимге кызыгат. Футболчу ар дайым окуусун улантып келет. Кастельон университетинде «бизнес жана административдик башкаруу» багыты боюнча билим алган.

Родри 1960-жылдан бери «Алтын топту» алган биринчи испаниялык футболчу болду.

Родри «Вильярреал», «Атлетико Мадрид» клубдарында ойногон.

Футболчу 2024-жылдын сентябрь айында оң тизесинен оор жаракат алган. Айрым басылмалар бул жаракатынан улам анын футболдогу карьерасынын келечеги бүдөмүк деген маалыматтарды да жазып келет.

Exit mobile version