Марал Радиосу

8-октябрга карата валюталар курсу тууралуу маалымат

Кыргызстанда акыркы сутка ичинде доллардын, евронун, орус рублинин, теңгенин расмий курсу төмөндөгөнү байкалды.

Бүгүн, 8-октябрда эртең менен Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда доллар орто эсеп менен 85,00 сомдон сатып алынып, 85,40 сомдон сатылууда.

Улуттук банктын расмий курсу 84,7 сомду түздү.

Евро орто эсеп менен 92,5-93,0 сомдон сатып алынып, 93,5-94 сомдон сатылууда. Расмий курс 92,90 сом деп белгиленди.

Бир орус рубли 0,88 сомдон сатып алынып, 0,90 сомдон сатылууда. Улуттук банктын курсу 0,8934 сомду түздү.

Казак теңгеси бүгүн 0,1214 сомдон сатылып алынып, 0,1887 сомдон сатылууда. Расмий курс 0,1758 сом.

Бир юань расмий курс боюнча 12,06 сом болууда.