Эртең, 8-октябрда саат 09:00дөн баштап 9-октябрь күнү саат 10:00гө чейин Ош шаарында жаратылыш газын берүү токтотулат.
Бул тууралуу аталган шаардын мэриясынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, газ берүүнү токтотуунун себеби Өзбекстандын «Узтрансгаз» ишканасы «Хожабад-Ош» магистралдык газ түтүктөрүнө пландуу оңдоп-түздөө иштерин жүргүзөрүнө байланыштуу.