Марал Радиосу

Бишкекте 18 жаштагы кызды автобус сүзүп каза болду

Бишкек шаарында коомдук автобус сүзүп кеткен 18 жаштагы кыз каза болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясы билдирди.

Окуя бүгүн, 7-октябрда болжол менен саат 10:00 чамасында болгон. Анда «Зонг-Тонг» үлгүсүндөгү коомдук автобустун 60 жаштагы айдоочусу Чүй проспектисинен жолдон өтүп бараткан кызды сүзүп кеткен. Бейтап реанимацияга жаткырылып, алган жараатынан улам өзүнө келбей, каза болгон.

Бул факты Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгында каттоого алынып, тергөө иштери уланууда. Автобус айып аянтчасына айдалган.