Марал Радиосу

30-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

default

Кыргызгидромет билдиргендей, 30-октябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жаан, кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым жерлерге туман түшөт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +7…+12,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз +6…+11,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +9…+14,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -1…+4, күндүз +5…+10,

Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +3…+8.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз +10…+12 градус жылуу болот.

Exit mobile version