Марал Радиосу

Токтогул суу сактагычында 13,1 млрд куб метр суу бар

Бүгүн, 7-октябрга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 13 млрд 105 млн куб метрди түздү.

«Электр станциялары» ишканасынын сайтындагы маалыматка караганда, суунун агып келиши секундасына 303 куб метрди түзөт, сууну керектөө секундасына 114 куб метрге жетүүдө.

Эки жыл мурун октябрь айында Токтогулдагы суунун көлөмү 13 млрд 629 млн куб метр болчу.