Марал Радиосу

Акыркы суткада сомго карата бардык валюталардын курсу өстү

Кыргызстанда акыркы сутка ичинде доллардын, евронун, орус рублинин, теңгенин сомго карата расмий курсу жогорулады.

Бүгүн, 7-октябрда эртең менен Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда доллар орто эсеп менен 84,65 сомдон сатып алынып, 85,12 сомдон сатылууда.

Улуттук банктын расмий курсу 84,7 сомду түздү, өсүү — 0,12 пайыз болду.

Евро орто эсеп менен 92,41 сомдон сатып алынып, 93,38 сомдон сатылууда.

Расмий курс 93,386 сомду түздү (өсүү 0,18 пайыз).

Бир орус рубли 0,875 сомдон сатып алынып, 0,908 сомдон сатылууда.

Улуттук банктын курсу 0,8934 сомду түздү (өсүү — 0,2 пайыз).

Казак теңгеси бүгүн 0,1214 сомдон сатылып алынып, 0,1887 сомдон сатылууда.

Расмий курс 0,1758 сом (өсүү — 0,51 пайыз).