Марал Радиосу

Израилдин Газадагы мечит, мектепке урган соккусунан 24 киши каза тапты

6-октябрда эрте менен Израилдин аба күчтөрү Газа тилкесиндеги мечит менен мектептерге жасаган соккудан кеминде 24 киши каза болуп, 93 адам түрдүү оор  жаракат алганын Газанын Хамас көзөмөлдөгөн  өкмөтү билдирди.

Израиль Газа тилкесинин борбордук бөлүгүндөгү Дейр аль-Балах шаарындагы Аль-Акса ооруканасынын жанындагы мечит менен мектепке сокку урганын Рейтерс агенттиги жазды.

Израиль армиясы Дейр аль-Балах аймагындагы Ибн Рушд мектебинде жана Шухада ал-Акса мечитинде жайгашкан  ХАМАСтын террористтерине каршы так сокку урганын билдирди.
Узакка созулган Израилдин соккуларынын кесепетинен Газанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча  дээрлик 42 миң палестиналык жаран кырылган.

Израилдин эсеби боюнча, Хамас 2023-жылдын 7-октябрында Израилдин түштүгүнө чабуул жасап, 1200 адамды өлтүрүп, 250дөй кишини барымтага алган.

Бир жылдан бери токтобой жаткан согуштан Газанын  2,3 миллион калкынын дээрлик бардыгы жер которууга аргасыз болгон. Газада ачарчылык күчөп, кризис тутанып жаткан чакта да эл аралык сотто геноцид деген айыптоолорду  Израиль четке кагып келет.