Марал Радиосу

Министрлик: Аялдар жугуштуу эмес ооруларга акысыз текшериле алат

Өлкөдө «Айымдардын ден соолугу!» бир айлыгы өтүп жатат. Саламаттык сактоо министрлиги 1-октябрдан тарта өлкө боюнча жыл сайын өткөрүлүүчү айлыктын башталышын жарыялаган.

Кемин районуна караштуу Жаңы-Алыш айылынын тургуну Үмүт Ибраимова «Айымдардын ден соолугу!» бир айлыгынын алкагында аталган айылдын Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна саламаттыгын текшерүүгө жыл сайын келет.  Ал каттоодо турганы үчүн кан басымын дайыма текшертип турат.

Айтуусунда, ушул сыяктуу аялдардын ден соолугуна кам көргөн иш-чаралар дайыма өткөрүлүп турганы жакшы. Айлыкка айылдагы жашаган аялдардын көпчүлүгү катышууда.

«Бул жакка бир канча айылдын тургундары келишет. Бул жакта баары жакшы мамиле кылышат. Ооруган жерлерибизди карап беришет. Өтүп жаткан бир айлыкка катышып, ден соолугубузду текшертип жатабыз. Анын алкагында көкүрөк рагына, жыныстык ооруларга карата текшерүүдөн өтүп жатабыз. Мындан башка дагы жугуштуу эмес оорулар боюнча карап жатышат. Айылдагы кыз, келиндердин баары текшерилип жатышат. Аялдардын ден соолугун текшерип турган абдан жакшы. Биз колдойбуз».

Өлкө боюнча өтүп жаткан бир айлыктын максаты – 18 жаштан жогорку аялдарды жугуштуу эмес оорулар боюнча консультация алуу үчүн баштапкы медициналык-санитардык жардам мекемелерине кайрылууга үндөө.

Бул демилге «Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу» швейцариялык долбоору тарабынан колдоого алынууда.

Жаңы-Алыш Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун медайымы Аида Сатиева бир айлык саамалык айылдагы жашаган аялдардын ден соолугуна кам көрүү, оорулардын алдын алуу максатында өтүп жатканын белгиледи.

Ал бир айлыктын алкагында бир нече жугуштуу эмес ооруларга текшерүү жүргүзүлүп жатканын айтты.

«Бир айлыктын алкагында аялдардын ден соолугун текшерип, оорулардын алдын алуу боюнча иш-чараларды жүргүзүп жатабыз. Кан басымын өлчөө, боюн, салмагын, семирүү, эмчек безинин рагы жана жатын моюнчасынын рагы боюнча текшерүү жүргүзүп, ооруну алдын алуу багытында иш алып барабыз. Келген ар бир аялды кароодон өткөрөбүз. Кандайдыр бир оорунун белгилери билинсе, дароо дарыгерге жөнөтөбүз. Жаңы-Алышта 18 жаштан жогору 740 аял жашайт. Учурда 250дөн ашык аялды текшердик. Буга чейин кооптонуу байкалган жок. Жогоруда айтылган оорулар менен катталгандар азырынча жок».

Акыркы төрт жылдын ичинде 15 миңден ашык аял кант диабети диагнозу менен каттоого алынган, ал эми 45 миң аялда биринчи жолу гипертония аныкталган.

Мындан тышкары эмчек безинин рагы жана жатын моюнчасынын рагы аялдардын арасында рак ооруларынын негизги өлүм себептеринин бири бойдон калууда.

«Айымдардын ден соолугу!» бир айлыгы оорулар тууралуу маалымдуулукту жогорулатуу жана аларды эрте аныктоого жана оорулардын күчөп кетүү коркунучун азайтууга багытталган.

Октябрь айында аялдар акысыз кан басымын өлчөтүп, жүрөк-кан тамыр оорулары жана кант диабетинин өнүгүү тобокелдигин аныктап, кандагы холестерин менен канттын деңгээлин текшертип, жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу жана дарылоо боюнча кеңештерди ала алышат. Бул үчүн алар жашаган жериндеги баштапкы медициналык-санитардык жардам мекемелериндеги үй-бүлөлүк дарыгерге же медайымга кайрыла алышат.

Жаңы-Алыш айылдык ден соолук комитетинин мүчөсү Бүбүкан Осмонкулованын айтымында, бир айлык тууралуу маалымат ар бир үйгө барып таратылат.

«Жыл сайын аталган айлык өткөрүлүп келет. 18 жаштан жогору аялдарды кароого чакырып турабыз. Көп эле аялдар келип, текшерилип жатышат. Күн сайын келишет. Маалыматты ар кандай жолдор менен жеткирип жатабыз. Атайын кагаздарды таратып, ошондой эле ар бирибизге аймактар бөлүнүп берилген. Ошол аймактарды кыдырып, элге маалымат беребиз. Мисалы мага 36 түтүн бөлүнгөн. Ошолордун баарына маалымат берем».

Жугуштуу эмес оорулар, айрыкча жүрөк-кан тамыр оорулары жана кант диабети, Кыргызстандагы аялдар арасында кеңири таралган.

Өткөн жылы октябрь айында үй-бүлөлүк медицина борборлорунда 400 миңден ашык аял алдын алуу текшерүүдөн өтүп, алардын ичинен 103 миңден ашыгы (26%) жогорку тобокелдикке киргендер катары катталган.

Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган «Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу» долбоору сапаттуу баштапкы медико-санитардык жардам көрсөтүүгө бирдей мүмкүнчүлүк алуу жана сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу аркылуу Кыргызстан калкынын ден соолугун жана бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган. Долбоор Чүй, Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарын камтыган Ал эми азыр, долбоор Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында иш алып барууда.