Марал Радиосу

УКМК: Балыкчынын мурдагы «кароочусу» кримтопко мүчө болуудан баш тартты

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары Ички иштер министрлигинин ыкчам каттоосунда турган Балыкчы шаарынын мурдагы «кароочусу» (смотрящий) С.С.Т. аттуу жаранга карата ыкчам-профилактикалык иш-чара өткөрдү.

Маалыматка караганда, аталган жаран криминалдык чөйрөдө «Сапа» каймана аты менен белгилүү.

Ыкчам-алдын алуу иш-чараларынын жүрүшүндө «Сапа» өзүнүн иш-аракеттеринин зыяндуулугун толук түшүнүп, криминалдык топторго катышуудан, ошондой эле өзүнүн статусунан жана уурулук идеясынан баш тартканы кабарланды.

Ал мыйзамдарды сактоого жана ак ниеттүү жаран катары жашоого милдеттенет, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө каршы күрөшүүдө мамлекеттин жүргүзүп жаткан саясатын колдойт.