Марал Радиосу

Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад жолунда кар көчкү түштү

Алдын ала маалымат боюнча, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад альтернативдик унаа жолунда көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Болжол менен 346-348-чакырымдарында кар көчкү түшкөндүгү жана тоннелдин ичинде болжол менен 10 унаа туруп калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине тактоо иштерин жүргүзүү үчүн Тогуз-Торо районунан төрт куткаруучу, ИИМден 2 кызматкер тартылган. Тазалоо иштерине Чайна-Роуд ишканасынан 1 жүктөгүч тартылган. ӨКМ кошумча маалымат берилерин билдирди.