Марал Радиосу

Төө-Ашууда жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөө кирди

Бишкек – Ош унаа жолунда оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Учурда жол тыгыны катталган жок экени кабарланды.

Бүгүн таңдан бери Бишкек — Ош унаа жолунун ашууларында кар тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Төө-Ашууда №9 жол тейлөө ишканасынан 12 жолчу, 2 грейдер, 2 жүктөгүч, 2 самосвал жана ИИМден 3 кызматкер иш алып барууда.

Ошондой эле Ала-Бел ашуусунда 12 кызматкер, 2 самосвал, 1 грейдер менен тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Суусамыр — Талас — Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунда №36 жол тейлөө ишканасынан 3 кызматкер, 1 унимог кар күрөгүч менен тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Мындан сырткары Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолунун  Тоң-Мурун ашуусунда 5 кызматкер, 1 грейдер, 1 жүктөгүч, 1 самосвал иштеп жатат. Талдык ашуусунда болсо, 3 кызматкер жана 1 грейдер карды тазалоо иштерин жүргүзүүдө.