Марал Радиосу

Грузиянын президенти шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдирди

27-октябрда Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтып, элди нааразычылык акцияга чыгууга чакырды.

Борбордук шайлоо комиссиянын жарыялаган жыйынтыгы боюнча «Грузин кыялы» партиясы добуштардын дээрлик 54% алды. Ошол эле учурда байкоочулар шайлоо учурунда олуттуу мыйзам бузуулар болгонун билдиришкен.

Президент Зурабишвили шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтып, добуш берүүнү «Орусиянын атайын операциясы» деп атады.

Зурабишвили грузиндерди бүгүн 28-октябрда кечинде Тбилисинин борбордук аянтына нааразылык акцияга чыгууга чакырып, «Грузия шайлоону тааныбай турганын, дүйнөгө жарыялашы керек»,-деп билдирди.

Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе  шайлоонун легитимдүү өткөнүнө эч кандай шек жок экенин айтты.

Грузиянын батышчыл төрт оппозициялык партиясы шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтышып, алардын айрым мүчөлөрү жаңы парламентке бойкот жарыялоого убада берип, шайлоочуларын нааразычылык акцияга чыгууга чакырышты.

Exit mobile version