Марал Радиосу

Анкарада Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында жыйын өттү

Түркиянын Анкара шаарында 4-октябрда Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин орун басарлары катышкан жыйын өттү.

Кыргызстандан Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев жетектеген делегация катышты.

Тараптар 6-ноябрда Бишкекте өтө турган ТМУнун мамлекет башчыларынын 11-саммитине даярдык көрүү, уюмга мүчө өлкөлөрдүн күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Ошондой эле катышуучулар саясий кызматташтыкты бекемдөө жана регионалдык коопсуздуктун коркунучтарына каршы туруу маселелери тууралуу сүйлөшүштү.

Консультациялардын жыйынтыгы боюнча делегациялар уюмдун алкагында көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө даярдыгын тастыкташты.