Марал Радиосу

Билим берүү министрлиги жылдын мыкты мугалимин аныктады

«Жылдын мыкты мугалими» республикалык сынагынын баш байгесин Ош мамлекеттик университетинин «Билим» мектеп-лицейинин математика мугалими Назгүл Каныбекова жеңип алды.

Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Сынактын шарты боюнча 1-орунду алган мугалимге Бишкек шаарынан батирдин ачкычы тапшырылат.

Республикалык сынакка жалпысынан 128 мугалим катышты. Анын ичинен Балтабаева Гүлнур Маматовна «Мыкты башталгыч класстардын мугалими», Рыскелдиева Атыркүл Зарлыковна «Мыкты кыргыз тили жана адабияты мугалими», Алмаз кызы Мээрим «Мыкты орус тили жана адабияты мугалими»,  Жумукова Бүбүайша Жусуповна «Мыкты математика мугалими», Заидов Азирет Манасович «Мыкты тарых мугалими», Калтаева Чолпон Иманбековна «Мыкты чет тил мугалими», Марат уулу Нуристан «Мыкты география мугалими», Көчкөнбаева Сайрагүл Амангелдиевна «Диндердин өнүгүү тарыхы» предмети боюнча мыкты мугалими, Байдалиев Мирзат ШаяхмедовичМыкты көркөм-сүрөт искусствосу мугалими болду.