Марал Радиосу

28-октябрдын аба ырайы

Кыргызгидромет билидиргендей, 28-октябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Бийик тоолордогу унаа жолдор тоңголок жана тайгак болот.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +4…+9

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +4…+9

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +8…+13

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +1…+6, күндүз +4…+9

Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +4…+9.

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт.  Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4°, күндүз +5…+7° жылуу болот.