Марал Радиосу

5-октябрдын аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 5-октябрда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда жаан карга айланышы мүмкүн калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, күтүлөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +23…+28

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25

Баткен облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +23…+28

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +24…+29

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4…+9,күндүз +16…+21

Нарын жергесинде түнкүсүн +2…+7, күндүз +17…+22.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12°, күндүз +25…+27° жылуу болот.