Марал Радиосу

Грузияда парламенттик шайлоодо бийликтеги партия жеңди

Грузиянын борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынтыгы боюнча парламенттик шайлоодо бийликтеги “Грузин кыялы” партиясы оппозициялык партиялардан алдыга озуп чыкты. Оппозиция бул шайлоонун жыйынтыгын таануудан баш тартып, нааразылык акцияларын жарыялоодо.

Оппозиция Грузин кыялы партиясын бийликти узурпациялоодо деп айыптады.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, бюллетендердин 99,3%ы саналып чыккандан кийин бийликтеги «Грузин кыялы» партиясы 54,2% добуш алды. Оппозициялык “Өзгөртүү үчүн коалиция” 10,8%, “Биримдик – улуттук кыймыл” – 10,1%, “Күчтүү Грузия” – 8,8% жана Грузия үчүн Гахария – 7,8% алды.

Грузиянын эки оппозициялык партиясы буга чейин бул шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын жарыялашкан.

«Биримдик – Улуттук кыймыл» партиясынын жетекчиси Тинатин Бокучава шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдирди.

 

Exit mobile version