Марал Радиосу

Кыргызстанда «Климат жумалыгы» өтөт

Кыргызстанда 7-октябрдан 11-октябрга чейин «Климат жумалыгы» өтөт. Иш-чара Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан уюштурулууда.

Министрликтен маалымдашкандай, бул иш-чара Азербайжандын Баку шаарында өтө турган БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын тараптарынын 29-конференциясына туш келди.

Климат жумалыгынын негизги максаты – Кыргызстандын климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү, глобалдык температуранын жогорулашын басаңдатуу жана орун алган кесепеттерге ыңгайлашуу аракеттерине көңүл буруу.

Жумалыкка илимдин, жарандык коомдун, жеке сектордун жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү активдүү катышары күтүлүүдө. Ал эми иш-чаралар массалык маалымат каражаттарында кеңири чагылдырылат.

Жаратылыш ресурстары министрлиги мамлекеттик жана коомдук уюмдарды климаттын чакырыктары жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу жана адамдардын жүрүм-турумундагы оң өзгөрүүлөрдү жайылтуу максатында форумдарды, акцияларды жана көргөзмөлөрдү өткөрүү аркылуу «Климат жумалыгын» колдоого чакырат.