Марал Радиосу

Орозобек Токтомамбетов дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынды

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Орозобек Токтомамбетов Албаниянын Тирана шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатында күмүш медалга ээ болду.

Спортчу 74 кг чейинки салмакта катышууда. Алгач 1/8 финалдык беттеште азербайжандык Джабраил Гаджиевди 4:1 эсебинде жеңип чейрек финалга чыккан.

1/4 финалдык беттеште түркиянын балбанын 11:0 эсебинде жеңип, жарым финалдык беттеште орусиялык Исмил Ханиевди 1:1 эсебинде утуп финалга жеткен.

Алтын медаль үчүн беттеште жапониялык спортчу Кота Такахашиге жеңилип, өз салмагында Дүйнө чемпионатынын күмүш медалына ээ болду.