Марал Радиосу

Садыр Жапаров транспорт жана жол чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-октябрда, автомобиль транспорт жана жол чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчы 85 жылдык тарыхы бар автомобиль транспорту жана жол тармагы өлкөнү өнүктүрүүдө эң маанилүү тармактардын бири экенин, жолдордун абалы  мамлекеттин өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү болуп эсептелерин белгилеп, тарнспорт жана жол кызматкерлерине өлкөбүздүн  инфратүзүмүн жакшыртууга багытталган ак ниет эмгектери үчүн ыраазычылык билдирип, жалпы кызматкерлерге кажыбас кайрат, бекем ден соолук жана бакубат турмуш каалаган.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

“Автомобиль транспорту жана жол чарба тармагынын урматтуу кызматкерлери жана ардактуу ардагерлери!

Сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!

85 жылдык тарыхы бар автомобиль транспорту жана жол тармагы өлкөнү өнүктүрүүдө эң маанилүү тармактардын бири.

Жолдордун абалы – бул мамлекеттин өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрүнүн бири болуп эсептелет. Сиздердин чаалыкпас эмгегиңиздер менен Ош – Бишкек, Ош – Сары-Таш – Эркечтам, Эркечтам – Карамык, Бишкек – Нарын – Торугарт, Талас – Тараз – Суусамыр жана башка транспорттук коридорлор курулуп, пайдаланууга берилгенин баса белгилеп кетүү зарыл.

Биз сиздердей кесипкөй адистерибиз турганда өз жолубузду өзүбүз куруп, өлкөбүздү өнүктүрүүгө өз алдынча бет алып кетерибизге толук ишеним бар.

Бүгүнкү күндө эгемен Кыргызстандын тарыхында мамлекеттик бюджеттин эсебинен Балыкчы – Чолпон-Ата – Корумду, Нарын – Баетов, Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка, Ош – Баткен – Раззаков, Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол жолдору курулууда.

Ошондой эле, инвестициялык долбоорлордун эсебинен Бишкек-Ош унаа жолунун Жалал-Абад – Маданият тилкеси, Түндүк – Түштүк альтернативдик унаа жолу, Түп – Кеген жана Корумду – Балбай баатыр автожолдорунун курулушу ишке ашырылып жатат.

Жалпы эле транспорт инфратүзүмүн өркүндөтүү маселелери социалдык-экономикалык жана саясий милдеттердин бири катары Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында камтылган. Мындан улам, бүгүнкү күндө транспорт жана жол чарба тармагын өнүктүрүүгө мамлекет тарабынан олуттуу көңүл бурулуп, өлкөнүн кан тамыры болгон жолдорубуз жакшырууда. Алгачкы жолу стратегиялык маанидеги ири долбоорлор ата мекендик куруучулар тарабынан ишке ашырылып жатканы абдан кубандырат. Чек ара аймактарында жашаган калкыбыздын транспорттук коопсуздугун камсыздоо маселелери да колго алынган.

Транспорт жана жол чарбасынын кымбаттуу кызматкерлери жана кадырлуу ардагерлери!

Сиздердин ишмердигиңиздер кыраакылыкты, жоопкерчиликти, чыдамдуулукту жана албетте, кесипкөйлүктү талап кылат. Аба ырайынын татаал шарттарында да жүргүнчүлөргө сапаттуу кызмат көрсөтүү менен экономикага зарыл жүктөрдү ташууга шарттарды түзүп келесиздер.

Өлкөбүздүн жол инфратүзүмүн жакшыртууга багытталган ак ниет эмгегиңиздер үчүн ыраазычылык билдирем.

Башталган иш-аракеттерибиздин өтөсүнө чыгып, өлкөбүздү өргө сүрөмөлөп, элибизге ак кызматыңыздарды арнай бересиздер деп бекем ишенем.

Сиздерге кажыбас кайрат, дем-күч жана бакубат турмуш каалайм.

Кесиптик майрамыңыздар кут болсун!”