Марал Радиосу

Садыр Жапаров Италиянын президенти Серджо Маттарелла менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров Италияга болгон расмий сапарынын алкагында Италиянын президенти Серджо Маттарелла менен жолукту. Бул тууралуу президенттин сайты жазды.

Жапаров бул жолугушуу Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы акыркы 25 жыл ичиндеги биринчи жогорку деңгээлдеги жолугушуу экендигин белгилеген.

Садыр Жапаров буга чейин эки өлкөнүн кызматташтыгы БУУ жана ЕККУ багыты боюнча иш-чаралардын алкагында тышкы иштер министрлеринин деңгээлиндеги гана болуп келгенин айткан.

Ошондой эле Кыргызстан Италия жана жалпы Европа Биримдиги менен саясий диалогду жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин кошумчалаган.

«2021-жылдан тартып реформалар өлкөнүн жашоосунун дээрлик бардык негизги багыттарында жүргүзүлүүдө. Мен Кыргызстанды ар бир жаран жана чет өлкөлүк, ал тургай чет өлкөлүк инвестор өзүн толук коопсуз сезип, өз ишин тынч жүргүзө ала турган өлкөгө айлантууга умтулам. Салык мыйзамдарын реформалоонун натыйжасында өлкөдө либералдуу салык режими иштеп жатат. Кыргызстан демократиялык жана укуктук мамлекет катары мындан ары да ишенимдүү өнүгүүгө ниеттенип жатат», — деген Садыр Жапаров.

Садыр Жапаров 2-октябрда Италияга расмий сапар менен барган. Сапардын алкагында Италиянын президенти Серджо Маттарелла, Министрлер кеңешинин төрагасы Джорджей Мелони, Депутаттар палатасынын Төрагасы Лоренцо Фонтана жана Сенатынын төрагасы Иньяцио Ла Русса менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландаштырылган.

Ошондой эле 4-октябрында Садыр Жапаров Рим папасы Франциск менен жолугушуусу болот.