Марал Радиосу

Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунда жүк ташуучу унаалар үчүн чектөө киргизилди 

Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолунун айрым бөлүгүнө оор жүк ташуучу унаалар үчүн чектөө киргизилди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Бороон болуп жол көрүнбөй жаткандыктан, Ош облусунун Алай районундагы Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолунун 219-чакырымынан тартып 234-чакырымына чейинки бөлүгү оор жүк ташуучу унаалар үчүн жол жабык.

Азыркы учурда жолдорду тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.