Марал Радиосу

УКМК Араванда 3 млрд сомдук объекти мамлекетке кайтарылганын билдирди

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы мыйзамсыз менчиктештирилген 3 миллиард сомдон ашык акчага бааланган объекти мамлекетке кайтарылганын кабарлады.

Мыйзамсыз менчиктештирилген ишканаларга карата жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында көп убакыттан бери иштебей, чарба жүргүзүүчү субъекттердин соода аянтчасы катары пайдаланылган «Ак-Була Араван пахта заводу» ААКынын 11,14 га жер аянты мамлекеттин балансына кайтарылды.

Баалоо иштеринин жыйынтыгы боюнча жер тилкесинин баасы 3 миллиард 217 миллион сомду түздү.

УКМКнын маалыматына караганда, 1997-жылы Ош облусунун Араван районунун айрым кызмат адамдары кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, пахта заводун чет элдик Р.В.А. аттуу жаранга жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп беришкени аныкталган.