Марал Радиосу

«Кызмат» мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө Жарлыкка кол коюлду

Президенттин иш башкармасына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө Жарлык чыкты.

Максаты, жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү боюнча жаңы, көп функционалдуу жана натыйжалуу мамлекеттик уюмду түзүү, калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, калкты каттоо чөйрөсүндө мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү.

«Кызмат» мекемеси Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин жана “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын базасында Президентинин иш башкармасына караштуу болот.

Иш башкармалык эки айлык мөөнөттө мекеменин жобосун, түзүмүн, штаттык расписаниесин жана штаттык санын бекитет. Юстиция органдарында мамлекеттик мекемени каттоодон өткөрөт.