Марал Радиосу

Бакыт Аманбаев АКШдагы элчилик кызматтан бошотулду

Бактыбек Аманбаев Кыргызстандын АКШдагы элчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин админстрациясынан кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесинин негизинде Аманбаев Бактыбек Абдилашимович Кыргызстандын Америка Кошмо Штаттарындагы жан Канададагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду.

Белгилей кетсек, Бакыт Аманбаев бул кызматка 2021-жылдын апрель айында дайындалган.