Марал Радиосу

26-октябрдын аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 26-октябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайт. Тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшөт.

Күндүз жаан жаашы күтүлөт.

Бийик тоолуу автожолдордо кар жаап, тоңголок болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусу түнкүсүн +3…+8, күндүз +9…+14

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +2…+7, күндүз +8…+13

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +13…+18

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +10…+15

Нарын жергесинде түнкүсүн -2…+3, күндүз +9…+14

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8°, күндүз +11…+13° жылуу болот.