Марал Радиосу

Дүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун каржылоого даяр

Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Швейцария өлкөлөрүнүн тобунан Дүйнөлүк банктын аткаруучу директору Беатрис Мазер менен Вашингтондо жолугушту.

Өкмөттөн кабарлашкандай, жолугушууда тараптар Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун каржылоо жана бюджеттик пландоо маселелерине басым жасашты.

Адылбек Касымалиев Камбар-Ата-1 ГЭС долбоорунун Борбор Азиядагы энергетикалык коопсуздукту жана аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн кыймылдаткычы катары маанилүүлүгүн белгиледи.

“Бул долбоорду ишке ашыруу Кыргызстанды таза жана арзан энергия менен гана камсыз кылбастан, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, экономикалык өсүштү стимулдаштырууга жана өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет”, — деди ал.

Беатрис Мазер Дүйнөлүк банк Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорго, анын ичинде Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин ырастады.

Жолугушуунун соңунда Адылбек Касымалиев Беатрис Мазерди Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Беатрис Мазер –  Дүйнөлүк банк тобунун Директорлор кеңешиндеги Швейцариялык топтун аткаруучу директору болуп иштейт, анын курамына Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Польша, Сербия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Швейцария кирет.