Марал Радиосу

Доллардын курсу жогорулады. Улуттук банк 55,1 млн доллар сатты

Кыргызстандын Улуттук банкы октябрь айында экинчи жолу интервенция жасап, валюта базарына АКШ долларын сатты.

Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында маалымдалды. Банк бул жолу 55,1 миллион доллар сатты.

Буга чейин 8-октябрда 54,5 миллион доллар сатылган.

Кыргызстанда акыркы суткада доллардын, евронун, орус рублинин, теңгенин жана юандын сомго карата расмий курсу жогорулады.

25-октябрда эртең менен Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда доллар орто эсеп менен 85,67 сомдон сатып алынып, 86,15 сомдон сатылууда. Улуттук банктын расмий курсу 85,8 сомду түздү (өсүү — 0,35 пайыз).