Марал Радиосу

Кыргызстанда 8000 муктаж үй-бүлөгө азык-түлүк таратылууда

Кыргызстанда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүк баштыктарын таратуу боюнча масштабдуу кайрымдуулук акциясы башталды. Акциянын биринчи күнүндө Бишкек шаары жана Чүй облусунан 603 аз камсыз болгон үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды. Бул иш-чара «Ыйман» фонду жана Сауд Арабия Падышачылыгынын King Salman Humanitarian Aid and Relief Center атындагы гуманитардык фонду тарабынан уюштурулган.

Бул демилгенин алкагында 1-октябрдан 10-октябрга чейин өлкө боюнча 8000 азык-түлүк баштыгы таратылып, Кыргызстандын эң аялуу катмарына колдоо көрсөтүлөт. Ар бир азык-түлүк баштыгында ун, өсүмдүк майы, макарон, кара гречка, күрүч, кумшекер, томат пастасы жана туз бар. Бир баштыктын жалпы салмагы 48 кг түзөт. Ал эми жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн тизмеси Эмгек, социалдык өнүгүү жана миграция министрлиги тарабынан такталган.

Мындай кайрымдуулук иш-чарасы «Ыйман» фонду тарабынан биринчи жолу уюштурулууда. Фонд мындай акция эң муктаж катмарларды колдоого багытталганын айтып, бардык кайдыгер эмес уюмдарды жана адамдарды муктаждарга жардам берүү мүмкүнчүлүгүн пайдаланууга чакырат.