Марал Радиосу

Садыр Жапаров Италияга жана Ватиканга расмий сапар менен барат

Президент Садыр Жапаров 2-4-октябрь күндөрү Италия жана Ватиканга расмий сапар менен барат.

Бул тууралуу президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

«3-октябрда президент Садыр Жапаров Италиянын президенти Серджо Маттарелла, Министрлер кеңешинин төрагасы Джорджей Мелони, Депутаттар палатасынын Төрагасы Лоренцо Фонтана жана Сенатынын төрагасы Иньяцио Ла Русса менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландаштырылган.

Италияга болгон сапардын алкагында тараптар кыргыз-италиялык мамилелеринин бүтүндөй комплексин жана алардын өнүгүү келечегин талкуулашат, ошондой эле эл аралык күн тартиби боюнча пикир алмашат», — деп Муратбек Азымбакиев.

Ошондой эле 4-октябрында Садыр Жапаров Рим папасы Франциск менен жолугушуусу болот.