Марал Радиосу

Аба ырайы: Жаан жаашы мүмкүн

Кыргызгидромет билдиргендей, 2-октябрга караган түнү Талас облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Баткен облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, бийик тоолуу райондордо жаан карга айланат.

Күндүз Чүй облусунун көпчүлүк аймагында, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаайт, бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусу түнкүсүн +8… +13, күндүз +19…+24,

Талас облусу түнкүсүн +5…+10, күндүз +16…+21,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +8… + 13, күндүз +21…+26,

Ысык-Көл облусу түнкүсүн +3…+8, күндүз +15 …+20,

Нарын облусу түнкүсүн +4…+9, күндүз +16…+21.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +21…+23 градус болот.