Марал Радиосу

Соттор кеңеши судьянын ооруканага жаткырылганы тууралуу маалыматка комментарий берди

Соттор кеңешинин басма сөз кызматы Ош облустук сотунун судьясы өз жанын кыюуга аракет жасады деген негизде ооруканага жаткырылгандыгы тууралуу бир катар массалык маалымат каражаттарына тараган маалыматка комментарий берди.

Билдирүүдө Судьялар кеңеши ЖМКларга туура эмес маалыматты таратуудан алыс болууну эскертип, бул факт боюнча кызматтык териштирүү башталганы айтылды.

«Бул факты боюнча «Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамга ылайык, Судьялар кеңеши тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында толук маалымат берилет», — деп айтылат билдирүүдө.

«Азаттык» сайты Ош облустук сотунун судьясы Н. А. өз өмүрүнө кол салып ооруканага түшкөнү тууралуу маалыматты облустук бириккен клиникалык оорукананын директору Атабек Жумалиевге таянып жазды.