Эртең, 1-октябрда саат 10:00дө Бишкектеги «Спорт» сарайында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүк баштыктарын таратуу боюнча кайрымдуулук акциясы башталат. Акция 10-октябрга чейин уланарын «Ыйман» фондунан кабарлашты.
Азык-түлүк баштыгында ун, өсүмдүк майы, макарон, гречка, күрүч, шекер, томат пастасы жана туз кирет. Бир баштыктын жалпы салмагы 48 кг түзөт, жалпысынан 8000 азык-түлүк баштыгы таратылат.
Кайрымдуулук иш-чаранын максаты – эң муктаж жарандарды колдоо жана коомчулуктун көңүлүн кайрымдуулук жасоонун маанилүүлүгүнө буруу болуп саналат.