Марал Радиосу

Квадробика менен алектенгендер Кыргызстанда да пайда болдубу?

Учурда социалдык тармактарда квадробика менен алектенген өспүрүмдөрдүн видеолору тарап жатат. Көп учурда Европа өлкөлөрүндө, Орусияда ж.б. Ушундай эле көрүнүш Бишкектин сейил бактарында да байкалган учурлар бар.

Квадроберлор – жаныбарлардын сөлөкөтүн кийип, алардын кыймыл-аракетин  төрт аяктап алып туурашат. Жаныбарларга окшоп үн чыгарышат.

«Дордой» базарында балдар буюмдарын саткан Намаз мырзага ата-энелер квадроберлеордун кийимин  сурап кайрылышууда.

«Квадроберлордун кийимдерин сурап жатышат. Үч- төрт ата- эне келип сурады. Мен тренд болсо деле сатпайм. Себеби, мен буга терс көз караштамын. Адам болуп туруп, кайра айбанды туроо, абдан терс көрүнүш. Базардагылар азырынча саткандарын көрө элекмин».

ИИМдин маалыматы боюнча, учурда өлкө баюнча квадроберлук боюнча даттануулар катталган эмес.

Психолог Жакшылык Сүйүнбаевдин айтымында, алгач квадробиканы  тернд  катары же башка себеп менен туурап жатканын аныктоо зарыл. Квадробика адамдын табиятына каршы келет. Себеби, адам жаш курагына жараша өсүп-өнүп турушу керек. Жаныбарларды туураса тескерисинче артка кетет. Квадробика менен алектенген адамдын аркасында, адам өзүнүн эмоциясын айта албай, ошол жаныбардын кейпинде чыгарышы мүмкүн. Психологдор бул терс көрүнүш экенин белгилешет. Коомго аралашууга  жана чыныгы социалдык нормаларды түшүнүүдө кыйынчылыктарга алып келиши мүмкүн экендигин белгилешет. Себеби, бала узак убакытка бир жаныбарды туураса, кайра кадимки реалдуу жашоого кайтуусу кыйындайт.

«Квадробика — бул жаңы феномен. Психологиялык жактан эч ким изилдей элек. Квадробикага Өзбекстан тыюу салып жатат. Психологияда «регрессия» түшүнүгү бар. Ал артка кайтуу дегенди түшүндүрөт. Көпчүлүк психикалык бузулуштарда орун алат. Адамдын табияты өсүп-өнүүгө ылайыкталган. Ал эми квадробикада адамдар жаныбарды туурап, тескери артка кетип жатышат. Бирок, бул жерде кээ бир адамдар тренд катары жана чынында психологиялык бузулуу болуп,  туурагандар бар. Алгач, мына ушул нерсени аныктоо керек. Бирок, 100% пайыз психологиялык бузулуу деп айтуудан алысмын. Жүрум-турумунда өзгөрүү бар десек болот. Мындай нерселер, мамиледе көйгөй болгондуктан,  эмоциясын толук чыгара албагандыктан келип чыгышы мүмкүн. Квадробика менен алектенгендердин арасында мисалы,итти туурап, барып тиштеп алган учурдар да болуп жатат. Бул терс көрүнуш».

Ал эми жаныбарлардын адатын тууроо Ислам дининде кандай кабыл алынат? Бул боюнча Аалымдар кеңешинин мүчөсү, Эмил Андартенгин социалдык баракчасы аркылуу жооп берди. Ага ата-энелер «Балдар квадробер болуп ойной берсе болобу?»-деп суроо узаткан. Ал төмөндөгүдөй жооп кайтарган.

«Квадроберлик — оюн эмес, өзүнчө айбанча жашоону каалаган субкультура. Динибизде, адамдын айбанга окшоп жашагысы келүүсү — арам. Адам баласына акыл берип, жаныбардан артык кылып жараткан».

Орусияда,  2024-жылы онлайн дүкөндөрдө жаныбарлардын костюмдары көп санда сатыла баштаган.

Квадробика Орусияда жана АКШ өлкөлөрүндө кеңири таралып, ата-энелердин нараазылчылыгын жараткан учурлар кездешкен. Мисалы,  ит жандыгын тууроо аркылуу  башка балдарды, же адамдарга ит сымал үрүп, тиштеп алган учурлар да катталган. Мындан улам  Орусияда квадробиканы тыйюу салууга үндөп келишет.

Квадробика кече жакында пайда болгон жок. Кыймылдын негиздөөчүсү япониялык жеңил атлетчи жана спринтер Кеничи Ито деп эсептелет. Ал бир ай жаныбарларды изилдеп алардын кыймылын үйрөнгөн. Бирок, коомчулуктун көз карашы терс болгон. Аны  милиция  социалдык жактан кооптуу деп таап, бир нече күн изоляторго кармаган кундөр болгон. Ал эми спорт жагынан төрт аяктап чуркап, рекордтук көрсөткүчкө жеткен.