Марал Радиосу

Бишкектеги батыш автобекети ишин токтотту

Бүгүнтөн баштап батыш автобекети, анын ичинде «Акжол» кичи автобекети ишин толук токтотту. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Буга чейин батыш автобекети жана «Акжол» кичи автобекети тейлеген бардык каттамдар «Бишкек автобекети» муниципалдык ишканасынын жаңы автобекетинен жөнөйт.

«Бишкек автобекети» муниципалдык ишканасы эл аралык, шаар аралык, облустук жана шаар четиндеги каттамдарды тейлейт.

Учурда шаардыктарга жана борбор калаанын конокторуна ыңгайлуу болуш үчүн батыш автобекетинен жана «Акжол» кичи автобекетинен «Бишкек автобекети» муниципалдык ишканасынын жаңы автобекетине чейин автобус каттамы уюштурулуп, жүргүнчүлөрдү ташып жатат.

Чыгыш багытындагы каттамдар Алмата 1/1 дарегинде жайгашкан «Бишкек автобекети» муниципалдык ишканасынын жаңы автобекетинен кетет. Батыш аймактарга кеткен каттамдар Фрунзе көчөсү, 209 (РИОМ Унаа базарынан кийин) дарегинен жөнөйт.