Марал Радиосу

Таласта ири жол кырсыгы катталды, каза болгондор бар

Таластагы жол кырсыгында алдын ала маалыматтар боюнча үч адам каза болду. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын Талас облусу боюнча башкармалыгынан кабарлашкандай, кырсык бүгүн таңкы саат 8дер чамасында катталды.

Жеңил унаанын айдоочусу каршы тарапка чыгып кетип, дагы эки унаа сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен жакын жердеги үч жөө жүргүнчү мерт кеткен.

Жеринде жол инспекторлору, дарыгерлер жана аймактык милиция бөлүмүнүн ыкчам-тергөө тобу иштеп жатат. Милиция толугураак маалымат кийинчерээк берилерин билдирди.