Марал Радиосу

Акылбек Жапаров Армениянын Ереван шаарына барат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш сапары менен Армениянын Ереван шаарына барат. Сапардын алкагында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышат.

Ошондой эле Евразия экономикалык форумдун пленардык жыйынында сөз сүйлөйт.  Мындан тышкары бир катар жолугушуулар пландалган.

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, беларусь премьер-министри Роман Головченко, Казакстандын өкмөт башчысы Олжас Бектенов, Орусия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин катышат.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын күн тартибине 20дан ашык маселе киргизилген.