Марал Радиосу

Депутат Маматалиев: Токмоктун мэри парламенттен кечирим сурасын

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев парламенттин 23-октябрдагы жыйынында кесиптеши Эрулан Көкүловду коргоп сүйлөп, Токмоктун мэри парламенттен кечирим сурашын талап кылды.

Айрым чиновниктер парламентин, анын ичинде, «Ынтымак» фракциясынын депутаты Эрулан Көкүловдун аброюна шек келтиргенин айтып, депутаттар Конституция жана регламент менен иш алып барышарын эскертти.

«Эрулан Көкүлов мамлекеттик кызматта иштеген эмес, айрым мүчүлүштүктөрү бар, бирок үч жылдан бери колдон келишинче көп нерсени туура жолго салууга аракет кылып жатат. Ичи таза, сөзүнө бекем турат, эгер ушул жигит болбогондо «Не сахар» долбоору аягына чыкпай, 19 миң добуш алып, депутат болмок эмес. Ошол чиновниктер, ошого окшогондор (Токмок шаарынын мэри тууралуу сөз болууда) өз ишмердүүлүгүн так аткарбаганына байланыштуу Көкүлов «таракан кууганга» туура келип жатат. Мөөнөтү эскирген азыктарды балдарыбыз жейт экен деп ызылдап, мушташып, чуркап жүрүп, ачыкка чыгарды. Колун чөнтөгүнө салып жүргөнү — жанында ар дайым газ баллон менен жүргөнүндөн. Анткени бир эмес, эки жолу камерасын сындырышкан, өзүн урушкан. Эрулан Токмоктун мектебине ойноп барган жок, элдин кайрылуусу менен барды» , — деди депутат Марлен Маматалиев.

Ал ошол эле учурда депутаттардын этикасы жөнүндө маселени да карап, мыйзам менен иштөө керектигин белгиледи.

Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүлов сентябрь айында Токмок шаарындагы спорт мектебинин оңдоп-түзөө иштеринин начардыгын текшерип барган. Эл өкүлү видеону социалдык тармактардагы баракчасына жарыялаган. Көкүлов ага жергиликтүү тургундар кайрылып, объектини реконструкциялоонун сапатына нааразы болушканын айтып, шаар мэри Максат Нусуваливди элдин арыз-муңуна жооп берүүгө чакырган.

Максат Нусувалив Эрулан Көкүловду маданиятсыз жүрүм-туруму үчүн айыптап, чырдаша кетишкен. Коомдо бул видео талкуу пайда кылган.