Марал Радиосу

Токтогул суу сактагычында 13,2 млрд куб метр суу бар

30-сентябрга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 13 млрд 26 млн куб метрге жетти. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Суунун агып келиши секундасына 394 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 205 куб метрге жетүүдө.

Былтыр ушул күнү суунун көлөмү 11,7 млрд куб метр деп көрсөтүлгөн, андан мурунку жылы бул мезгилде Токтогулда 13,6 млрд куб метр суу болгон.