Марал Радиосу

ТИМ Судандагы учак кыйраган жерден табылган документ боюнча комментарий берди

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Суданда кулаган жүк ташуучу учак тууралуу маалыматка комментарий берди.

ТИМдин маалыматына караганда, учак кулаган жерден табылган «Манас» эл аралык аэропорту» ААКы белгиси бар документ «Манас» аэропортунун кызматкерине эмес, Airline Transport Incorporation FZC кызматкери, Орусиянын жараны В.Г.га таандык.

Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык,  жүк ташуучу учагы 2024-жылдын 12-январында Кыргызстандын жарандык авиациясынын реестринен чыгарылып, Судан мамлекетинде кайра каттоодон өткөн.

Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчилиги окуя боюнча кошумча маалымат алуу үчүн дипломатиялык каналдар аркылуу кайрылуу жөнөттү.

Алдын ала маалымат боюнча, кулап түшкөн учактын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандары жок.

Судандын ыкчам кыймыл күчтөрү өлкөнүн батышында жүк ташуучу учактын атып түшүрүлгөнүн, алдын ала маалыматтар боюнча, БАЭден келген FZC Airline Transport Incorporation компаниясынын Ил-76 учагы атып түшүрүлгөнү кабарланган.