Марал Радиосу

Тай-Мурас Ташиев жөнүндө жалган маалымат тарап жатканы айтылды

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев Бишкектеги түнкү клубдардын биринде ок атылды деген окуяга катышпаганын «Регион» телеканалынын жетекчиси Өткүрбек Рахманов билдирди. 

Өткүрбек Рахманов социалдык тармактарда туура эмес маалымат тарап жатканын фейсбуктагы баракчасына жазган. Ал окуя болгон учурда Тай-Мурас Ташиев умрада болгонун жазып, анын сүрөтүн жана билетин жарыялаган.

«Социалдык тармактарда, 23-сентябрда Бишкек шаарындагы И.Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан түнкү клубта Тай-Мурас Ташиев катышкан инцидент орун алганы жана анда ок атуучу курал колдонулганы тууралуу жалган маалымат таратылып жатат.
Биринчиден, Тай-Мурас Ташиев ал күндөрү Кыргызстанда болгон эмес, ал умра сапарында болгон. Муну тастыктоочу билет жана сүрөттөрүн коомчулука көрсөтүп коюуну туура көрдүк;
Экинчиден, ИИМдин маалымат кызматынан тастыкталгандай, жалган маалыматта көрсөтүлгөн дата жана даректе андай окуя катталган эмес жана милиция кызматкерлери да чакырылган эмес».

Ички иштер министрлиги окуя тууралуу расмий маалымат бере элек.

Тай-Мурас Ташиев  2021-жылы жергиликтүү кеңештик шайлоого «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен Жалал-Абад шаардык кеңешке депутат болуп шайланган. Ошол эле жылы октябрь айында мандатын тапшырган.