Марал Радиосу

Президент Жапаров БРИКС саммитине катышат

Президент Садыр Жапаров 23-24-октябрда Татарстандын Казань шаарында өтө турган XVI БРИКС саммитинин мамлекет башчыларынын жыйынына катышат.

Бул тууралуу Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

24-октябрында Казань шаарында БРИКСтин XVI саммитинин мамлекет башчыларынын жыйыны болот. Анда көп тараптуулукту чыңдоого, бирикменин жаңы мүчөлөрүн интеграциялоого жана глобалдык күн тартибине багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынары күтүлүүдө.

БРИКС тобуна экономикасы өнүгүп жаткан Бразилия, Орусия, Индия, Кытай, Түштүк Африка Республикасы мүчө. 2006-жылы түптөлгөн бул уюмдун аталышы аталган мамлекеттердин баш тамгасынан куралган (BRICS — Brazil, Russia, India, China, South Africa).

2024-жылдын башында уюмга Египет, Иран, БАЭ жана Эфиопия кошулган. Малайзия, Таиланд жана Азербайжан уюмга кирүү үчүн арыз беришкен.